• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ

Автор:ruh_admin

Дек 28, 2021

ОШ. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Торугарт-авто жол” жана “Эркеч-Там-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө убактылуу жабык болоорун маалымдайт.

“Торугарт-авто жол” жана “Эркеч-Там-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 4-январь күнү атайын алгоритм боюнча Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө гана ишин улантат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс