• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

Бир Кумурска жашаптыр. Ал иштегенди абдан жакшы көрчү экен…

Автор:ruh_admin

Дек 28, 2021

Ар таңда шайыр шатман, кубанычы ууртунан төгүлүп кара жанын карч уруп иштеген Кумурскадан бактылуу жан жок эле. Иштеген ишинин майын чыгарып иштеген сайын, өндүрүштүн жыйынтыгы да жакшы болуп, ал өзүн шайыр жана бактылуу сезип жүрчү.

Күндөрдүн бир күнүндө бир Аары Кумурска иштеп жаткан жерден учуп өтүп калат. Бактылуу жана шайыр Кумурсканын жаны тынбай иштеп жатканын көргөн Аарыга кылт этип ар кыл ойлор келди. Кумурска өзү менен өзү эле иштебеши керек, деп чукул арада фирма уюштурду да, өзүн Башкы директор кылып шайлады.
А Кумурска болсо баштагыдай эле тытынып иштеп, күнү-түнү эмгектен баш көтөрбөдү, ал иштеген сайын өзүн бактылуу сезээр эле.
Ал эми Аарынын фирмасы укмуштай иштеп ар тараптан пайда көрө баштады… Башкы директор креслосунда чалкалап олтуруп, бу Кумурсканын ишин ким бирөө көзөмөлгө алыш керек, жөн койбош керек деп ойлоду. Ошентип Кумурсканын ишин көзөмөлгө ала турган кызмат ачылып, башкы көзөмөлчү болуп Тезек Коңузу дайындалды.
А тиги бактылуу Кумурска эс алуу эмне экенин билбей иштеп жатты, иштеп жатты…
Тезек Коңузунун негизги милдети Кумурсканын ишин уюштуруу болчу. Ал Кумурсканы күнүгө эмне иш кылганы боюнча отчет талап кыла баштады. Кумурска болсо мурдагыдай эле кужүрмөндүк менен иштегени аз келгенсип, эми күнүгө иш аяктаган соң отчет түзө баштады.
Ал арада Башкы директордун буйругу менен Катчылык кызмат ачылды. Анын негизги милдети Тезек Коңузуна келип түшкөн отчетторду жакшылап окуп жана аны атайын журналга каттоо эле. Келишимдик негизде аталган жумушка Жөргөмүштү дайындашты. Ал болсо отчетторду, буйруктарды башка иш кагаздарын ирээттеп, бөлүштурүп, анан офисте телефондук чалууларга жооп кылар эле.
А Кумурска болсо иштеп жатты, иштеп жатты…
Башкы директор Аары Тезек Коңузунун отчетторуна абдан ыраазы болуп, андан ар кандай көрсөткүчтөрдү жана ишмердүүлүк боюнча прогноздор боюнча кошумча отчетторду талап кыла баштады.
Тезек Коңузунун иши көп болуп жетишпей жаткандыктан ага ассистент катары Тараканды жумушка алышты. Ошондой эле жакшы компьютер жана түстүү принтер сатып келишти.
Ошондой күндөрдүн биринде иш дегенде ичкен ашын жерге койгон, иштерман жана бактылуу Кумурска күн сайын берген отчеттору боюнча биринчи жолу нааразы болуп арызданды. Керээлден кечке иштегеним аз келгенсип, иш аяктап элдин баары кеткенде мен кайра отчет жазаганым кандай деген мааниде. Анын бактылуу жүздөрүнүн ордуна көздөрүндө билинип-билинбеген капачылык турду. Шайыр күлкүсү да мурдагыдай эмес…
Муну сезип калган Башкы директор Аары кандайдыр бир чараларды көрүү керектигин байкады. Ошентип мурда жалгыз Кумурска иштеген жерге иштин сапаттуулугун арттыруу максатында Департамент түздү.
Департаменттин начальнигине Чегиртке дайындалды. Ал шар эле кабинетин ремонттон өткөзүп, заманбап техникалар менен жабдып алды.
Жаңы Департаменттин начальнигине да ассистент керек болду. Ага жалгыз Кумурска иштеген Департаменттин бюджетин түзүү, стратегиялык пландарды даярдоо тапшырмасы коюлду.
А Кумурска болсо дагы эле мурдагыдай иштеп жатты. Бирок,ал баштагыдай шайыр ырларды ырдабай калды, эмнегедир ачуусу тез-тез келе баштады.
Башкы директор Аары жалгыз Кумурска иштеген Департаменттин отчетун карап жатып иш анча алга жылбай, иштин рентабелдүү болбой жатканын, ишкана алдыга эмес артка бара жатканын байкады. Аары фирмага диагностика-аудит жүргүзүү максатында консультант катары Үкүнү жумушка алды.
Үкү Аарынын фирмасында үч ай олтуруп иштеп, ишкананын рентабелдүүлүгүнүн артты көздөй кетиши боюнча өз бүтүмүн чыгарып берди: “Департаментте абдан көп персонал иштейт, тез арада кыскартуу керек”.
Үкүнүн берген кеңешине ылайык, персоналдардын санын кыскартуу тууралуу чечим кабыл алышты. Кыскартуунун эң алдыңкы тизмесинде Кумурска турду, анткени ал акыркы күндөрү Департаменттин ишмердүүлүгүнө капа болуп, нааразы болуп жүргөн эле…
Бакыт Сеитов.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс