• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛИК МЕНЕН ЖҮК ТАШЫГАН 170 УЧУР АШКЕРЕЛЕНДИ

Автор:ruh_admin

Дек 28, 2021

БАТКЕН. 2021-жылы УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур ашкереленди. Чек ара кызматынын Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев билдиргендей, кармалган мыйзамсыз жүктөрдүн жалпы суммасы 60 миллион сомдон ашты.

  • Айтмакчы, 28-декабрь күнү дагы чек арага жакын жерден жүктөрдү

мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган төрт унаа кармалды. Аткезчилик менен жүк ташууга аракет кылгандардын дээрлик бардыгы Тажикстан менен чек арада жүрүп жатат. Калк арасында улам түшүндүрүү иштерин, атайын иш-чараларды дагы үстөккө-боссок уюштуруп жатабыз. Облустук бийлик тиешелүү кызматтар менен атайын көзөмөл топторду дагы уюштурду. Тилекке каршы, дагы деле ушундай мыйзамсыз аракеттер улантылууда, -деп тызылдады Чек ара кызматынын Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын быйыл апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Кээ бир катмардагы жарандар үчүн чек ара аркылуу эки тараптын макулдашуусу менен октябрь айында гана ары-бери каттоого уруксат берилди. Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы жылдык маалымат жыйынында чек ара толук такталмайынча ачылбай тургандыгын билдирген. Кыргызстан кимдер өтө алаарын көргөзгөн атайын тизмеде этникалык кыргыздар үчүн дагы атайын пункт бар.  

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс