• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

АТКЕЗЧИЛИК ЖҮКТӨРДҮ ТАШУУ БАТКЕНДЕ ТОКТОЙ ЭЛЕК

Автор:ruh_admin

Дек 28, 2021

БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен Чек ара отрядынын өкүлдөрү дагы бир ирет мыйзамсыз ташылып бараткан аткезчилик жүгүн кармашты.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук кыштагынын кире беришинде УКМКнын Чек ара кызматына караштуу Баткен Чек ара отрядынын өкүлдөрү Кыргыз жарандары – 1998-жылы туулган Э.К.га, 1985-жылу туулган А.О.га, 1985-жылы туулган У.А.га жана 1985-жылы туулган Ж.Э. га таандык автоунааны кармашты. Булар Кыргызстандан Тажикстанга 3200 килодон ашуун конфет жана 3300 кило өсүмдүк майын эч кандалй документсиз ташщып баратышкан экен.

Жалпы жонунун кармалган жүктөрдүк наркы 1 537 000 сом деп бааланууда. Тиешелүү протоколдор толтурулгандан кийин айдоочулар жүктөрү менен кошо аймактык укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс