• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

ЖКнын экс-депутаты Б. Калмаматовду кичи ажылыкка баратканда кармашып, дароо камап салышкандыгы туура болдубу?

Автор:ruh_admin

Дек 25, 2021

Рубрика: Ак жерден торго чалынды…

УКМКнын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Президентикке талапкер Бактыбек Калмаматовду Бишкек шаарындагы аба майданынан күч менен кармашып, дароо эле соттошуп, анан дагы камак мөөнөтүн келаткан жылдын 8-февралына дейре узартып ийишти. Ошондуктан, Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы ыйык Сулайман Тоонун түбүндө коомдук жана саясий ишмердин санаалаштары анын түрмөдөн токтоосуз бошотулушун дагыле талап кылып жатышат.

— Абдурасул ДООРОНОВ, Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну: — Биздин УКМКнын эмне, кылаарга иши жокпу? Тың кыз-жигиттерибизди  тынбай аңдып, анан дагы куугунтуагандан көрө, коңшу өлкөлөр менен Чек ара маселесин бир жаңсыл чечип, өлкөбүздө стабилдүүлүк орнотушпайбы? Булар ушундай арам аракеттерин деги качан токтотушат, ыя? Быйылкы Жогорку Кеңеш шайлооосуна «Азаттык» партиясы менен катышып, Бактыбек Калмаматов азыркы Кыргыз Бийлигинин быкыйын ыраса чукуду. А түгүл кемчиликтерин кашкайта гана көзгө сайып көрсөттү. Дал ушул чындыкты бетке айткандыгы  үчүн президент Садыр Жапаров досу, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди куп гана пайдаланып, азаматыбызды УКМК менен акыры укурукташты. Мен муну нукура саясий куугунтук, чындыкты туу тутунуп, каяша айткандардан кадимкидей эле өч алуу деп гана эсептеймин!

— Карачач КАЛМАМАТОВА, Бактыбек Калмаматовдун бир тууган эжеси, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну: — Айланайындар, калыстык кай жакта? Бактыбек үкам Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев камалганда, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фрациясынын депутаты эле. Ошогезде Бактыбек экөөнү тең апачык кубаттап, булардын түрмөдөн токтоосуз бошотулушун туруктуу талап кылып турбады беле. Булар дал ошол жакшылыкты дагы моминтип унутуп коюшту. Биз айлабыз таптакыр куруганда, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУга) кайрылууну туура таптык. Мунсуз Кыргызстанда бизди угушкудай эмес. Анан дагы бул кебетесинде калыстык дегеле орногудай түрү жок!

Медер КЫДЫРАЛИЕВ, коомдук ишмер, Ош шаары: — Азыркы Бийлик – Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев, мындайча айтканда, эки дос Кыргыздын тың чыкмаларын куугунтуктоону деги качанга дейре улантышат? Мени дагы Ош шаардык борбордук базарынын башкармалыгынын жетекчилиги Бактыбек Калмаматовго болушкандыгым үчүн аталган башкармалыктын чарба бөлүмүнүн башчысы кызматынан дароо бошотуп ташташты. Бул мыйзамсыздыкка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов көз жуумп олтурат. Албетте, бул жакшы жышаан эмес!

Айбек             ТААЛАЙБЕК уулу, жарандык активист: — Абсурд, эй! Кантип чыдайсың? Чындыгында, Бактыбек Калмаматовчосунан чындыкты бетке айткандарды чекесинен эле камап жатышат… Экинчиден, эки дос – президент Садыр Жапаров жана УКМКнын търагасы Камчыбек Ташиев таттуу убадаларынын бирин дагы, шайланышкандыгына мына экинчи жылга аяк басты, таптакыр аткарышкан жок! Анан эми буларга дагы кантип ишенесиң?

Айтмакчы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Президентикке талапкер Бактыбек Калмаматов Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибеков, таанымал журналист Мыктыбек Арстанбеков менен ыйык Меккеге чогуу аттанып, кичи ажылык – умра парзын аткаруу үчүн баратканда, Бишкек аба майданында УКМКнын өкүлдърү тарабынан кармалган. Анын паспорту жасалма, ошондой эле өзү улуттар жана аймактар аралык араздашууну козуткан деп айыпталууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, ъз кабарчыбыз, Ош шаары

СҮРӨТТӨРДӨ: 1) Абдурасул ДООРОНОВ, Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну. 2) Карачач КАЛМАМАТОВА, Бактыбек Калмаматовдун бир тууган эжеси, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну. 3) Медер КЫДЫРАЛИЕВ, коомдук ишмер, Ош шаары. 4) Айбек ТААЛАЙБЕК уулу, жарандык активист. 5) Сулайман Тоонун түбүндөгү митинг.

 Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс