• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

К. Кожобеков ОшМУнун ректорлугуна кайра дайындалды

Автор:ruh_admin

Дек 24, 2021

ОШ. Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына кайрадан киришти. Анткени, ал кызматынан убактылуу гана четтетилгендигин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баса, Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт жараянына Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-ноябрда Кудайберди Кожобековдун кызматынан бошотон эле. Бирок, Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматы бул боюнча маалымат берген тараткан жок. Кожобеков менен кошо Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б. Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматынан алынган. Анткени, Ош шаарында ушул жылдын 3-ноябрында “Азаттык” партиясынын жолугушуусуна студенттер мажбурланып катыштырылганын шаардык милиция аныктаган. А түгүл ондон ашуун студенттер жана окуу жайдын мугалимдери суракка тартылган.

Баса, ушул жылдын 21-декабрында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс