• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

УКМК ТАЖИК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК АЙДООЧУГА МЫЙЗАМСЫЗ КУРАЛ КОЛДОНГОНДУГУН ШАРДАНА КЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Дек 23, 2021

  БАТКЕН. УКМКнын мамлекеттик Чек ара кызматы чек арага жакын Максат-Жаштык жолунда Кыргыз жаранынын октон жараат алганы боюнча күнөөнү тажик тарап өз мойнуна алгандыгын ырастады.

Маалыматка караганда, окуя боюнча эки өлкөнүн чек арачылары жолугушуп, окуяны кызуу талкуулашкан. Тажик тарапка окуянын хронологиясы көрсөтүлдү. Чек ара кызматынын аймактык жетекчилиги өз кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин моюндады. Катачылык жол берген аскерлерге Тажик тарап чара колдоноору убада кылынды. ОШентип, аталган факт Тажикстандын аскер прокуратурасы тарабынан тыкыр иликтенмекчи.  УКМКнын Мамлекеттик Чек ара кызматы Кыргыз-Тажик чек арасында бүгүнкү абал тынч экендигин билдирди.Ал эми бул окуя боюнча Тажикстан тараптан расмий комментарий боло элек.

Айтмакчы, ушул жылдын 22-декабырында Тажикстан менен чектеш жолдо курал колдонуу менен коштолгон окуя катталды. Тажик чек арачылары кыргызстандык автоунаага үч ирет ок атышкандыгы айтылды. Окуя боюнча Лейлек районунун жана Тажикстандын Ганч районунун чек ара өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери дароо жолугушту.

Баса, Кыргыз-Тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан ар кандлай мүнөздөгү жаңжалдар катталып келатат.  Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс