• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

Мамиржан КАДИРОВ: “ЖОКТОН БАРДЫ ЖАРАТУУ – АЙЫЛ ӨКМӨТ МИЛДЕТИ!”

Автор:ruh_admin

Дек 23, 2021

Рубрика: Жайылта турган саамалык

Араван районуна караштуу Алля Анаров Айыл Өкмөтүн эгерде кыдырып калсаңыз, өзүңүздү кудум эле шаарда  жүргөндөй гана сезесиз. Анан дагы Кыргызстанда жок аялдамалар, жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобустар, аябай муктаждарга бекер гана азык-түлүк дүкөнү тим эле көңүлүңдү гана көтөрөт. Булардын сырын-себебин  Алля Анаров Айыл Өкмөтүнүн башчысы Мамиржан КАДИРОВдун өзүнөн кенен-чоон сураштырдык.

  • Мамиржан мырза, Сиз райондун акими дайындаган Кыргыз

Республикасындагы биринчи  Айыл Өкөмөт башчысысыз. Деги аймак жетекчиси Сизди кайсыл критерийлердин негизинде иргеди экен?

  • Биринчиден, тажрыйбам көңүл борборунда турду. Бир жерде 20

жыл бою башкы бухгалтер кесибин абийирдүү жана абдан ийгиликтүү аркаладым. Каржылык мыйзам бузуулар менен эч качан алектенбедим. Экинчиден, 40  жаштамын. Акылым эми жетилип, күчүм толуп турган мезгили. Үчүнчүдөн, мекенчилдик жайым дагы бар.

  • Өзүңүз дагы кызматка киришкен күнүңүздөн тартып дегеле

өлкөбүздө жок аялдамаларды элет жергесинде катарынан курдуртуп, айылдарда жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобустарды дагы каттатыптырсыз. Деги жаза тайып мамлекеттик казынага кол салбай эле турасызбы?

  • Мындан беш-алты жыл абалы тагдырым насип кылып айтылуу

Дубайга барып калдым. Бул өлкөдөгү бардык шарттары бар, анан дагы заманбап аялдамаларды көрүп, чындыгында, аябай суктандым. Мындай ыңгай эмне үчүн биздин Кыргызстанда жок? Чынында, ыраса ардандым.

Анан биз дагы ар бир аялдаманын ичине эле кондиционер орноттук. Буга улай сапаттуу олтургучтарды 22 аялдамага тең кыдырата жайгаштырдык. Ичи кечке маал автоматташтырылган түрдө жарыктандырылып турат.

Ал эми жүргүчүлөрдү Айыл Өкмөт ичинде бекер гана ташыган эки автобусту демөөрчүлөрүбүз  өздөрү сатып беришти. Келаткан жылдын январь айында үчүнчү автобус дагы колубузга сөзсүз тиймекчи.

  • Мындан ары булардын иштешин кантип көзөмөлдөйсүздөр?
  • Ошентип, ар бир аялдамага үчтөн байкоочу видеокамера орнотулат.

Аны түздөн-түз башкаруучу айыл Өкмөтүбүздүн өзүнүн маалымат базасы болот. Баары тең биздин туруктуу көзөмөлүбүздө турат. Күйүүчү-майлоочу  май маселеси Алля Анаров Айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан биротоло жайгарылды. Айдоочуларга демөөрчүлөрүбүз өздөрү ай сайын 15 миң сом маяна кечеңдетпестен төлөп турушат. Баса, аталган автобустар сааркы саат 7.00дөн кечки саат 19.00гө чейин жүргүчүлөрдү милдеттүү түрдө жана маданияттуу тейлеп турушат.

  • Жардамга өлө муктаждар үчүн дагы акысыз азык-түлүк

дүнөнүн ачкан турбайсыздарбы?

  • Жашырып кайда барабыз? Азыркы турмушубуз, чынында, абат

эмес! Жашоо барган сайын оорлошуп гана баратат. Инфляциянын кесепетинен азык-түлүк ашкере кымбаттап, кыйналып-кысталган үй-бүлөлөрдүн катары улам калыңдоодо. Эшигибизди каккылап, жардам сурагандар дагы ыраса көбөйдү.

Биз аргасыздан жеке ишкерлерге, ошондой эле чет өлкөлөрдө эмгектенип жүрүшкөн өтө тың журтташтарыбызга кайрылдык. Банкта атайын эсеп-кысап дагы ачтырдык. Эли-журтумдан айланайын! Акча которуп жатышат. А түгүл акысыз азык-түлүк дүкөнүбүзгө жер-жемиштерин, оокат-аштарын, башка дагы буюм-тейимдерин өздөрү эле таштап кетишүүдө.

  • Баса, жигердүү бул аракетиңиздерди ийгилктүү жана ырааттуу

түрдө жүзөгө ашырууда мамлекеттинн казынасына кол салбай эле турасыздарбы?

  • Жо-жок! Айыл Өкмөтүбүздүн казынасынан бул өңдөнгөн

максаттарга сокур тыйын дагы бөлүнбөйт! Эл – колунда барлар өздөрү каралашып жатышат. Ал эми башка идиректүү донорлорду биз өзүбүз дагы издештирип таап келатабыз.

Маселен, Сиздин алдыңызда эле бир жердешибиз 200 кило таптаза балл-асел таштап кетти. Экинчиси 500 кило картөшкөнү колубузга өзү тапшырды. Дагы атын атабаган мекендешибиз Ош шаарынан чалып, бизге 150 мүшөк ун жеткирди. Кычыраган кышта тоңуп-үшүшпөсүн деп, беш көмүр өндүрүшкөн компаниянын жетекчиси менен акылдашып-макулдашып, 100 тонна “кара алтын”  өндүрүп, элге 300 килодон бекер эле тараттык. Кара-Суулук бизнесмендер бир ооз өтүнүчүбүздү дароо орундатып, 260 баланы кышкы бут кийим,  дагы 320 баланы жылуу куртка менен камсыз этишти.

         — Алля Анаров Айыл Өкмөтү деле майып жарандардан куру эместир? Кыйчалыш заманда алардын тагдыры кантти экен?

  • Айыл Өкмөтүбүздүн аймагындагы майып жарандарыбызды дээрлик

такташтырып бүттүк. Айрымдарына ыңгайлуу жайланышсын деген тилекте пульт менен башкарылчу электрондук кебереттерди, ошондой эле арабаларды борборубуз Бишкектен алдыртып тартууладык. Ал эми арабызда өнөкөт дартка чалдыгышкандар дагыле бар. Жаңы жылда Алля Анаров Айылдык Кеңешинин депутаттары менен акылдашып, эң эле оор акыбалдагы майыптардын дарылануусуна, айрымдарынын чет өлкөлөрдөгү заманбап операциясына дагы акча жагынан жетиштүү өлчөмдө каралашуу ниетиндебиз.

  • Мамиржан мырза,соңку тапта жарандарыбыздын азыркы

Кыргыз бийлигине деле ишеними улам өчүп эле бараткансыйт. Сиз ушуга кошуласызбы?

  • Муну президентибиз Садыр Жапаров деле өзү ачык эле

моюндабадыбы. Эми ошол мизи кайткан ишенимди элге кайтаруу чоң мээнетти жана дагы узак убакытты талап кылат. Биз, жер-жерлердеги аткаруу бийлиги, дал ушул өңүттө абдан күрдөөлдүү иштөөбүз гана кажет!

Анткени, жоктон барды жаратуу – азыркы Айыл Өкмөттөрүнүн кечеңдетилгис милдети! Кыргызстандын жаркы келечеги үчүн биз мунун создуктурбастан жасоого тийишпиз!

 

         Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Араван району

 

СҮРӨТТӨРДӨ: 1) Алля АНАРОВ Айыл Өкмөтүнүн башчысы – Мамиржан КАДИРОВ. 2), 3), 4), 5), 6),7), 8),9), 10) 11), 12) Алля АНАРОВ Айыл Өкмөтүндө.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс