• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

ЧОҢ-АЛАЙДА ПАМИРЛИКТЕР ҮЧҮН ШААРЧАНЫН КУРУЛУШУ КИЙИНКИ ЖЫЛЫ БАШТАЛАТ

Автор:ruh_admin

Дек 23, 2021

ОШ. Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районуна көчүрүлүп келинген этникалык кыргыздарга арналган атайын шаарчанын курулушу кийинки жылы башталат. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Кудайберген Базарбаев Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында жашап жатышкан этникалык кыргыздар менен жолугушту.

  • Президент Садыр Жапаров Кашка-Суу айылынан жер тилкелерин

бөлүп берип, курулушка капсула салган. Ушул тапта иштер дагыле уланууда. Быйыл бюджеттен 10 миллион сом бөлүнүп, 70 гектар жер трансформацияланды. Ошондой эле жаңы айылдын башкы планын түзүү, инженердик-архитектуралык пландоо иштери бүткөрүлдү. Курулуш иши кийинки жылы башталат, — деп кошмчалады Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.

Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Кудайберген Базарбаев памирлик кыргыздарга азык-түлүк жана кышкы кийим-кече түрүндөгү гуманитардык жардамды дагы тапшырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

 Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс