• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

Баткен: тажик чек арачылары айдоочунун автоунаасын аткылап, качып кетишти

Автор:ruh_admin

Дек 23, 2021

Интернеттеги социалдык тармактарда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат-Жаштык автоунаа жолунда КАМАЗ айдаган айдоочуну Тажикстандын чек арачылары атып, кайра качып кетип бараткан видеосу тарады.

Бул боюнча коомчулукта нааразы болгон пикирлер айтылып жатат.

Ал арада бул окуя тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы үн катып, маалыматты тастыктады. Расмий органдын билдирүүсү боюнча, Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат-Жаштык автоунаа жолунда Кыргызстандын жараны КАМАЗ машинасын айдап баратып, айдоочу арыктан суу алганы токтогон. Ошол учурда анын жанына үч тажик аскер кызматкери келип, унаага отуруп, Тажикстандын аймагына барууну талап кылышкан. Айдоочу тажик чек арачылары менен бирге жолду бойлой айдай берген.

“Көңүл бурдуруу үчүн айдоочу күтүүсүздөн жолдо келе жаткан башка бир автоунаанын жолун тосуп, тажик аскерлери тарабынан кармалганын айтып кыйкырганга үлгүргөн. Тажик чек арачылары машинанын жүрүп баратканына карабай, түшүп кетишкен. Мындан кийин алар КамАЗга ок чыгарып, цилиндр менен алдыңкы айнекти 3 жолу атышкан. Алардын курал колдонуусунун натыйжасында айдоочу айнектин сыныктарынан майда жараттарды алган”,-деп билдирет расмий органдын маалыматында.

Окуядан кийин Лейлек тилкеси боюнча Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү менен Ганчинский тилкеси боюнча Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүштү.

Окуя болгон жерге жагдайды тактоо үчүн КР УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы полковник К.Төлөнбаев барган.

“Мамлекеттик чек аранын бул тилкесин Кыргызстан көзөмөлдөйт”,-деп айтылат маалыматта.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=3063476410606546&id=100008326512574

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс