• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

ӨКМӨТ МҮЧӨСҮ ЧОҢ-АЛАЙДАГЫ ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ТАРАТТЫ

Автор:ruh_admin

Дек 23, 2021

ОШ. Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Алай районуна көчүрүлүп келинген этникалык кыргыздарга арналган атайын шаарчанын курулушу кийинки жылы башталат. Бул жөнүндө Өкмөт мүчөсү Алай районундагы Талды-Суу кыштагында жашап жатышкан этникалык кыргыздар менен жолугшуу убагында билдирди.

Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Кудайберген Базарбаевдин айтымында, ушул т апта Кыргызстанда 22 үй-бүлө, а жалпысынан 108 памирлик кыргыз жашап жатат. Булардын 17си Алай районунда, ал эми калгандары Нарын жана Чүй облустарында жансакташат.

  • Памир кыргыздары 2017-жылдан бери түпкү Ата Мекенине –

Кыргызстанга көчүрөлүп келатат. Бул жараяндын ийгили ктүү жүзөгө ашырылышына республикалык бюджеттен жана дагы демөөрчүлөр тарабынан жетиштүү каражаттар ажырытылып келатат, — деди Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев. — Алай районундагы Талды-Суу кыштагына көчүрүлгөндөргө эле 20 миллион сом бөлүндү. ПРез-0идент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык буларга Кыргыз жарандыгы дагы тездетелген темпте ыйгарылууда. Анткени, булардын шартыбызга абдан тез ыңгайлашып жашап кетүүсү үчүн ар бий үй-бүлөгө ондон кой, торпок жана ат дагы бөлүнүп берилген. Жергиликтүү бийлик тарабынан 850 миң сомго сарайлар курулуп, мал-кел үчүн жем-чөп сатылып алынууда. Булардын баары тең жетиштүү азык-түлүктөр жана көмүр менен толук камсыз этилген.

         Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги Алай районундагы Талды-Суу кыштагындагы 38 балага пособие чектеди. Буга улай эки жарандын жашы жеткендиктен, пенсия дайындалды. 41 бала жергиликтүү мектептерде окуп жатышат.

Бул жолку сапарында Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Кудайберген Базарбаев Алай районуна көчүрлгөн этникалык кыргыздаргдын ар бир үй-бүлөсүнө  160 килодон ун,  55 килодон макарон, 53 килодон кант, 12 литрден өсүмдүк майын, 3 килодон күрүч, чай жана кышкы бут кийимдерди жана жылуу куткаларды тартуулады.

Айтмакчы, жогорудагы иш-чараларга Алай райоунун жергиликтүү жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин аймактагы өкүлдөрү катышышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

 Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс