• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ТАЖИКСТАН МЕНЕН ЧЕКТЕШ ТИЛКЕДЕ КЕЗДЕМЕЛЕР ЖАНА КУРМАЛАР КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Дек 22, 2021

БАТКЕН. УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Лейлек чек ара отрядынын өкүлдөрү 20-декабрдан 21- декабрга оогон түнү чек ара аркылуу мыйзамсыз ташылып бараткан аткезчилик жүгүн кармашты.

УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, ушул жылдын 20-декабрында Баткен облусунун Лейлек районундагы Эски-Оочу кыштагында УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Лейлек чек ара отрядынын өкүлдөрү шектүү Mercedes Benz Sprinter автоунаасын кармашты. Чек ара нарядын байкаган айдоочу алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен, тескерисинче, машинасын токтотпостон айдоосун ого бетер уланткан. Ошондуктан, экинчи бир чек ара наряды Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Максат айылдары чектешкен тилкеде аталган автоунааны араң токтотушту. Кармалган Mercedes Benz Sprinter автоунаасынын айдоочусу 1982-жылы туулган Кыргыз жараны  З.А. экен. Автоунааны дыкаат текшеришкенде, анын ичинен аткезчилик жүгү — 116 түрмөк кезмеде табылды. Андан кийим-кече тигишмек экен. Шоопурдун колунда буларга тиешелүү документтер дагы болгон эмес.

Ал эми 21-декабрда УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Лейлек чек ара отрядынын өкүлдөрү Лейлек районундагы Раззаков кыштагына караштуу тилкеде 1992-жылы туулган Д.М.у. башкарып бараткан Mercedes Benz Sprinter автоунаасын токтотуп текшеришкенде, эч кандай          документсиз 3 тонна курма табылды. Аны айдоочу Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүүгө аракетттенген.

Аталган эки фактынын негизинде тең тишелүү документтер толтурулуп, кармалган айдаоочулар автоунаалары жана жүктөрү менен кошо аймактык укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

 Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс