ОШ. Ош шаарында “Достук кубогу-2021” Эл аралык турнири игийликтүү аяктады. Өспүрүмдөр арасындагы бул дүйнөлүк мелдешке Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын жалпы жонунан 8 командасы катышты.
Биринчи орунду Ош шаарынын командасы багындырды. Ал эми экинчи орунду Өзбекстандын Фергана шаарынын командасы, үчүнчү орунду Казакстандын Караганда калаасынын жана Кыргызстандын Жалал-Абад шаарынын окуучулар командасы ээлешти.
Эл аралык турнирдин соңунда жеңүүчүлөргө медалдар, кубоктор жана баалуу белектер тапшырылды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.