• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

КИЧИ АВТОБУСТАРГА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛДҮ

Автор:ruh_admin

Дек 22, 2021

 ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында ушул жылдын 1-декабрынан тартып кичи автобустарга жол кире кымбаттап, а түгүл 15 сомду чапчыды. Андан тышкары кечинде саат 19.00дөн саат 21.00гө дейре каттамдардын жол акысы 20 сомго дагы көтөрүлдү.

         Ошентсе дагы, Ош шаарынын айрым жашоочулары саат 19.00дөн кийин кичи автобустар графикке ылайык дегеле жүрбөй жатышкандыгын айтышууда.

  • Жүргүнчүлөрдүн талабына ылайык Ош шаары мэриясы бир айга рейд

жарыялады. Линияга чыгышпаган ЖЧСКлар менен келишимдер дароо бузулат, — деп аябай ишендирди Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев. – Муну үчүн күтүлбөгөн текшерүүлөрдү дагы уюштуруп, 19.00дөн кийин саат 21.00гө чейин өзүбүз ар аялдамаларда байкатпастан жүрүп деле жатабыз.

         Эгерде Ош шаарынын жетекчилиги убадасына турушса, үзгүлтүксүз көзөмөл дагы жүргүзүшсө, калаа тургундары кечиндеси жөө-жалаңдап жүрүшпөйт деп ишенип турабыз….

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

 Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс