БИШКЕК. Ушул жылдын сентябрынан тартып декабрь айынын орто ченине дейре «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан Кара-Кече көмүр кенинен 508 миң тонна «кара алтын» өндүрүлдү. Бул туурасында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
- Жалпы жонунан узап бараткан жылда 740 миң тонна көмүр
өндүрүлдү, — деп кошумчалады Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Доскул Бекмурзаев. – Бул өткөн жылга салыштырганда 497 тоннага көптүк кылат. «Кара алтын» Кара-Кечеден түптүз эле Бишкек жылуулук электр борборуна, мамлекеттик мекеме-уюмдарга жана карапайым калкка сатуу үчүн соода түйүндөрүнө үзгүлтүксүз гана жеткирилип турат.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кошумчалагандай, Кара-Кече көмүр кенинде күн сайын 30 техника тынымсыз иштеп, ал жерден 200 чакты жүк ташыгыч машина менен зарыккан тараптарга үстөккө-босток жөнөтүлүп
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.