ОШ. Жазуучу, публицист, абадиятчы Ризван Исмаилованын “Үнү каткан улар” аттуу кайталангыс акын Жолон Мамытовдун чыгармачылыгына арналган илимий эмгеги ОшМУнун чоң акак залында тушоосун кести.
Иш-чарада адегенде орошон акын Жолон Мамытовдун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлдары дагы жаңы жаңырды.
- Автор “Үнү каткан улар”китебинде Жолон Мамытовдун календар акын
эмес календер акын экендигин таасын айгинеледи, — деди ОшМУнун профессору Гүлина Жамгырчиева.
Ал эми акын Абдилат Дооров залкар калемдеши Жолон Мамытовдон тышкары мезгилдин бүктөмүндө калып кетишкен таланттар Табылды Муканов, Курбанаалы Сабыров, Курбанбай Калдыбаев, Тургунбай Эргешов, Турдалы Алыбаев жөнүндө дагы адабият айдыңында өзүнчө эмгек жаратуу мезгил талабы экендигин катуу эскертти…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.