• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

«Айыл чарба ишканасын жетектеген аялдар менен жаштардын өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана орду»

Автор:ruh_admin

Дек 21, 2021

Эгер бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 70-80 пайыз жашоочулары жумушсуз болсо же жакыр турмушта жашаса, алардын көпчүлүгү аялдар жана жокчулук менен жетишпестик коомубуздагы бул катмардын күнүмдүк турмушуна түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан өлкөбүздүн ишке жарамдуу жаштары эркек, аял дебей бала-чакасын багуу, аларды окутуу, үй салуу, машина алып, жетиштүү турмушта жашоо үчүн Россия жана башка чет мамлекеттерге мигрант болуп кетишүүдө.

Ошол эле учурда эч жакка кетпей, мигрант болбостон туруп чакан үй-бүлөлүк бизнесин түптөп, коом менен мамлекеттин да экономикасына аз да болсо салым кошкон аял ишкер-фермерлер жок эмес. Алардын бири Бишкектин чет жакасында жашап, эт жана жумуртка багытындагы эки тоок фермасын иштетип жаткан  Матимарова Күмүшай Тургунбаевна болуп саналат. Биз аны менен чарбасын кантип түптөп, иштетип жаткандыгы боюнча кыскача маектештик.

  • Күмүшай эже, Сиз борбор калаанын чет жакасында эле жашап, кантип эт жана жумуртка багытындагы өзүңүздүн чакан фермаңызды ачып калдыңыз?
  • Эми ачыгын айтканда, баардыгы турмуштук зарылчылыктан жаралат экен. Анткени балдарыбыз чоңоюп (төрт балабыз бар), алды студент болуп, кичүүсү бала бакчага бара баштагандан кийин жолдошум Эмилбек Момунов экөөбүз алты жыл мурда “Эмне кылсак?” деп ойлоно баштадык. Себеби жолдошум бюджеттик мекемеде иштегендиктен, маянасы күнүмдүк жашоого да жетпейт болчу. Менин өзүмдүн кесибим бухгалтер-экономист, жаш кезде Россияда да иштеп келдим. Бирок биринчиден, Россияга баргандардын баардыгынын эле иши жүрүшүп, чоң акча таба алышпайт, экинчиден бул ирет жаш балдарды таштап кетүүнү каалабадык. Демек, жашоо үчүн, балдарды жедирип-ичирип, окутуп, студенттеринин контрагын төлөө үчүн бир ишкерчилик кылууга турмуш өзү мажбурлады. Тилекке каршы жогоруда айткандай, экономист-бухгалтер кесибине ээ болуп, дипломум болсо да кесибиме жараша жумуш таппай койдум, табылса да маянасы өтө аз.

Андыктан бир күн жарнамаларды карап отуруп, козукарын бизнесин үйрөтөм деген жарыяга көзүм түшүп калды. Дароо ошол телефонго чалып, ал адамга жолугуп, оозеки түрдө келишим түзүп, айткан суммасын таап берип, козукарындын вещенка деген түрүн үйрөнө баштадык. Бирок биздин алгачкы бул ишкерчилигибиз ойлогондой болбой калды. Козукарындардын алды өсүп, сата баштаганыбыз менен кийин имараттан улам кыйынчылыктар жаралып, экинчиден ал имаратты жылыта албай, тапкан пайдабыз өзүн актабай калды. Себеби козукарынды мүмкүн болушунча нымдуу жерде же жертөлөдө өстүрүш керек экен. Кургак жерде шамал эми эле өнүп чыкканда катырып саларын кийин билдик.

Айтор козукарын чарбабызды токтотсокпу же башка жактан шарты бар имарат таап, улантсакпы деп эки анжы болуп турганда тоок чарбасы кирешелүү экендиги тууралуу маалыматтарды окуп калдым да, жолдошума айтсам, ал макул болду.

 

  • Биринчи кадамды эмнеден баштадыңыздар?
  • Алгач бүгүнкү күндө бир эле Кыргызстанда эмес, кошуна мамлекеттерде да тоок менен ири мүйүздүү малдардын жемин даярдап, сатып, мындан тышкары тоок чарбасы менен алектенем деген мага окшогон жеке адамдарды окуткан чет элдик компанияга кайрылып, бир жумалык окуу курсунан өттүм. Көрсө, заманбап тоок фермасын айылдагыдай эле эрте менен сыртка чыгарып, бир маал жем чачып коюп, кечинде кайра киргизип койгондой эмес, баардык талаптарга ылайык кылып куруш керек экен.

 

  • Кыскасы, тоок ферманын иши тоокана салуудан башталат турбайбы?

 

  • Ооба. Ошентип мен бир жума акчасын төлөп, түшкө чейин теориялык билим алып, түштөн кийин Бишкектин чет жакасындагы тоок фермаларды өз көзүбүз менен көрүп, фермерлер менен сүйлөшүп, түшүнбөгөн суроолорго жоопторду алган соң, тоокана салууну пландаштырдык. Баса, бизди окуткан компания келишим боюнча тоокананын узун, туурасына, бийиктигине, канча терезе, желдеткич болуш керек, дубалын кандай материалдан курууну, шыбын катип жабууну, айтор баардык жагдайларды үйрөтүп, кадимки үй салгандай эле долбоорун да чийип беришти.

 

  • Бирок тооктор үчүн “комфорт” шарты бар тоокананы салууга деле аз эмес каражат керек болсо керек?

 

  • Туура айтасыз, мындан 6-7 жыл мурда эле, ошол кезде бизге окшогон 6 адам жашаган үй-бүлөдө болгону 8 миң сом маяна алган жалгыз эркекке тоокана салуу деле кыйын болчу. Банктардан кредит алалы десек, бири да тиешелүү документиң болбосо же жүрүп турган бизнесиң көзгө көрүнбөсө, кредит бербейт экен. Берген учурда деле үстөгү 30%дан кем болбойт, ал эми мөөнөтү бир жылга жетпейт эле. Андыктан биз жолдошум экөөбүз айылдагы туугандардын малын карызга алып сатып, Россияда иштеген ага, инилердин ар биринен 1-2 жылда кайтарып беребиз деп, аз-аздан карызга акча алып, жалпысынан 100 миң сомдой акча топтодук. Өзүбүз Бишкектин чет жакасында жер үйдө тургандыктан, огородубуз болгону 5 сотых аянтты ээлейт. Тоокананы да огороддун башына узунун 10 метр, туурасын 5 метр кылып, үч жүз тоокко ылайыктап кура баштадык. Бир чети жолдошумдун алгачкы кесиби куруучу болгондуктан, уста жалдабай, ал тургай тоокананын дубалын да топурактан кадимки эле сокмо ыкмасына салып куруп, бул жагынан бир топ эле үнөм болду. Акча болсо тактай, эшик, терезе, тооктордун клеткасына, суу иче турган түтүктөргө, бир аз цементке жана свет киргизгенге эле жумшалды.

 

  • Андан кийин тооктор канча убакытта киреше бере баштады?

 

  • Биз бүгүнкү күнгө чейин иштешип келе жаткан чет элдик компания менен тоок сатып алуу боюнча өзүнчө келишим түзүп, алгачкы 33% акчасын төлөгөндөн кийин үч айдан соң үч айлык жөжө-тоокторду алдык. Аларды дагы эки ай баккандан кийин алгачкы жумурткаларды бере баштады.

 

  • Сыягы, жоктон бар, жартыдан бүтүн кылып, чымыркана иштеп тапкан мээнет таттуу болсо керек?

 

  • Айтпаңыз, ал кубанычтуу сезимдерди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күнгө чейин эсимде, анда жаз мезгили болчу, бир күн эле эрте менен тоокананын жарыгын күйгүзөйүн деп кирсем, бөдөнөнүкүндөй болгон кичиникей, кремовый түстөгү жумурткаларды тууп коюшуптур. Биринчи күнү 10-15, экинчи күнү 20-30, андан соң 50-60 болуп, үч жүзгө жакын тооктор тез эле 250гө жакын жумуртка тууй башташты. Алгачкы жумурткаларды бизди окуткандай, өзүбүздү жарнамалаш үчүн жана ырым кылып, кошуналарга, туугандарга бекер берип, качан гана салмагы 60-70 граммга жеткенде дүкөндөргө сата баштадык.

 

  • Ошентип акырындап кетирген чыгымыңыздар акталып, киреше түшө баштаган экен да?

 

  • Дароо эле чыгым акталып, киреше түшө койбойт. Жогоруда айтып өткөндөй, биз минималдуу каражат кетирсек да жок дегенде 6 айдан соң чыгашабыз кирешеге айлана баштады окшойт. Бир чети ал кезде Кыргызстанда кошуна мамлекеттерден аткезчилик жол менен жумуртка өтө көп келип, жергиликтүү фермерлердин көпчүлүгү зыянга учурап, айрымдары ал тургай тоок чарбасын токтотуп да коюшту. Бизге окшоп аз гана санда баштагандар жана чымыркана иштегендер 1-2 жыл жемге гана иштеп, кийинки жылдары гана жумуртканын баасы бир аз көтөрүлгөндө пайда таба баштадык.

 

  • Сиздин тоок чарбаңыз үй-бүлөңүздүн бюджети менен мамлекеттин экономикасына  кандай киреше кошуп жатат деп ойлойсуз?

 

  • Кудайга шүгүр, алты жылдан бери өтө байып кетпесек да, балдарыбыздын күнүмдүк жеген-ичкени, кийген кийимине, студенттердин окуу акысына, ал тургай чет мамлекетте окуп аткан чоң уулубуздун виза, самолетко учкан билетине ушул үч жүзгө жакын тооктун күн сайын 250-280ге жакын жумурткасын саткан акча жумшалып, андан сырткары кичинекей үйүбүздүн ордуна жертөлөсү, монсарды менен кошо чоң үй да салууга жетиштик.

 

Биздин чакан тоок фермабыздын продукциясы айланып келип, жумушсуздук көйгөйүн чечип, мамлекетибиздин да экономикасына деңиздеги тамчыдай болсо да салым кошуп жатат деп айта алам. Себеби күн сайын мен жумурткаларды терип алып, үйүбүздүн эле тегерегиндеги менчик дүкөндөргө сатам. Алар өз кезегинде үстүнө өз акысын кошуп, элге сатуу менен пайда таап, өздөрү жумуш таап жатышат. Ал эми биздин жумуртка даамдуу жана экологиялык жактан таза болгондуктан (жемди ГМОсу жок, тиешелүү талаптарга ылайык даярдап беришет жана сертификаты бар), мурдагы жылдарга салыштырмалуу сырттан келген жумурткалар такыр токтобосо да, бир аз азайып калды. Бул деген капиталдын сыртка агылбай, өлкөбүздүн ичинде калды дегендик. Дүйнөлүк экономикада деле, Куранда деле тоок, жумуртка кирешелүүлүгү боюнча төртүнчү орунда турган бизнес деп айтылат. Эгер мамлекетибиз бизге окшогон майда фермерлерге жардам, жеңилдетилген кредит берип, шарт түзсө, Кыргызстандын жумуртка жана тоок этине болгон муктаждыгын толук камсыз кылып, ал тургай чет мамлекеттерге да экспорттогонго мүмкүнчүлүк бар.

 

  • Тоок эти демекчи, Сиз эт багытындагы да тоокторду багат турбайсызбы.

 

  • Эт багытындагы тоок багуу идеясы да турмуштук зарылчылык же суроо-талаптан улам жаралды. Мындан үч жыл мурда кыштын ызгаар суугунда каш карайган маалда үйүмө бир улгайган орус абышка келиптир, сойгонго бир тоок берчи деп. Бирок жумуртка тууп аткан тоокторду сойгонго болбойт, сойгон учурда деле эти каттуу болуп, арык десем, ишенбейт. Көрсө, ал абышканын жаш кызы каттуу ооруп, тез арада тооктун эти менен сорпосу керек болуп, дем алыш күн болгондуктан, үйүбүздөн анча алыс эмес жердеги чакан базарга барса, ал жерде мен жумуртка сатканда жанымда туруп, үйүмдүн дарегин билген сатуучулар дарегимди айтышкан экен. Тилекке каршы мен ал абышкага жумуртка тууган бир тоокту да бере албай калган менен мындан башка да тоок этин көп сураган кардарлардын талабы эске түшүп, бир чети рыноктун талабы, экинчиден тоок чарбаны кеңейтүү максатында жолдошум экөөбүз жана балдар менен макулдашып, эт багытындагы бройлер тоок чарбасын түзүүнү чечтик.

 

  • Бройлер тооктор үчүн да өзүнчө тоокана салсаңыздар керек?

 

  • Сөзсүз да. Бактыга жараша бройлер тооканага да көп чыгым кетирбей, тез эле салып койдук. Эгер кеч күздө пландаштырсак, кийинки жылы августта алгачкы жөжөлөрдү өстүрө баштадык. Айтайын дегеним, жолдошум жумуртка тууган тооктордун канасын салганда анын жанындагы жерден топурак алгандыктан, бир метрдей жерден ылдый чуңкур болуп калган эле. Эми ошол жерди эле тегиздеп, четине бетон куюп, үстүнө болгону бир метр дубал уруп, үстүн жаап, эшик, терезелерди коюп койдук. Бройлер тоокторго жумуртка тууган тооктордой үч кабат клетка керек эмес, болгону полго калың жыгачтын таарындысы менен саман салып, жерден суук өтпөгөндөй кылып, үстүнөн жылуулук берүүчү лампаларды коюп, 25 даражадан кем эмес жылуулукту камсыз кылсаң, чоңоё беришет.

 

  • Сыягы, тоок этине да азыркы кой, уй эти кымбаттаганда талап жогору болсо керек?

 

  • Азыр, кымбатчылык күч алганда ошондой болуп калды. Бирок ошол эле учурда жем кымбаттап, бир чети электр энергиясын чектеп, кышында бройлер тоокторду багыш кыйын жана чыгымы көп болуп калды. Ал эми биз эч кандай ГМО же башка сапатсыз жем бербегендиктен, канын чыгарып, адалдап сойгондуктан жана тоңдурбай, жаңы бойдон кардарларга көпчүлүк учурда буюртма бергенден кийин жеткирип бергендиктен, алдын ала айтып коюшат.

 

  • Бир айда канча жумуртка жана тоок этин өндүрөсүз?

 

  • Орточо бир айда 9-10 миң даана жумуртка, азырынча 500 — 600 килограммдай тоок этин өндүрөбүз. Келечекте бройлер тооктордун санын көбөйтсөкпү деген план бар. Анткени айтып өткөнүмдөй, биздин сапаттуу, адал жана тоңдурулбаган тоок этин сурагандар өтө көп болууда. Эң негизгиси өзүбүз менен кошо аз да болсо мамлекетибиздин экономикасынын өнүгүшүнө, жумуш ордун түзүүгө жана элди өзүбүз өндүргөн ата-мекендик азык-түлүк менен камсыз кылууга салым кошкон болот элем.

 

Маектешкен Базарбай Гапаров.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс