БИШКЕК. Жогорку сот Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовду биротоло актады. Бул маалыматты Мелис Мырзакматов өзү ырастады.
Ал ага каршы кылмыш иши жок жерден ойлонуп табылгандыгын белгиледи: — Мени актоодо дагы тоскоолдуктар болду. Менин саясый чөйрөгө кайтып келишимди каалабагандар бар окшойт.
Баса, Мелис Мырзакматов 2009-жылдан 2013-жылга чейин өлкөбүздүн Түштүк борборун жетектеген. Ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал өлкөдөн чыгып кеткен эле. Андан ары 2015-жылы Шералы Камчыбековдун төрагалыгы алдында Ош шаардык соту түштүк борбордун мурунку башчысын күнөөлүү деп таап, сыртынан жети жылга эркинен ажыраткан. Чечим чыгарылгандан тартып Мелис Мырзакматов эл аралык издөөгө алынган.
Түркияда жүргөн Мелис Мырзакматов ушул жылдын 6-октябрь түнү Кыргызстанга кайтып келген.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.
—