• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫ МЫНДАН АРЫ ДҮЙНӨЛҮК ТУРИЗМ ТАРМАГЫНА ӨЗҮНҮН БРЕНДИ МЕНЕН ЖАРНАМАЛАНАТ

Автор:ruh_admin

Дек 20, 2021

 ОШ. Кыргызстандын түштүк башкалаасынын мэри Алмаз Мамбетов туризм тармагын өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан Ош шаарынын брендинин тушоосун кести.

         Тушоо кесүү аземине президенттин Ош облусундагы Өкүлүнүн орун басары, шаардык Кеңештин төрагасы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, туристтик компаниялар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана тургундар дагы катышышты.

         Эми Ош шаары дүйнөлүк туризм тармагына өзүнүн бренди менен гана чыгат. Борбор Азия шаарларынын арасында эң алгачкы ирет Ош шаары өзүнүн туристтик брендин иштеп чыкты. Туристтик логотип үчүн сынак  жарыяланып, ага 70тен ашык эмгек келип түшкөн эле. Атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан оурсиялык Михаил Чулиндин логотиби жактырылды. Брендде Улуу Жибек Жолун чагылдырган кербен, Оштун символу болгон Сулайман-Тоо, жарым ай жана жылдыз камтылган. Жеңүүчү болгон дизайнерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан 100 миң сомдук сертификат дагы тапшырылды.

         Ошентип, аталган иш-чарада улуттук кийимдердин көргөзмөсү дагы жүрүп, туризм тармагынын өкүлдөрүнүн жакындан баарлашуусу менен коштолду. Ошондой эле бир катар мекемелерге, адистерге туризм бул жаатта кошкон салымы үчүн Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс