• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

Байрактар Баткенде болсун

Автор:ruh_admin

Дек 20, 2021

Өзүңүздөргө маалым болгондой, Тажикстан өткөн жылы Кудайдын куттуу күнү Орозо айында тынч жаткан Баткен аймагына кол салып, жыйынтыгында элдин турак жайлары күйүп, 13 жашар Мадина, Кыргыз армиясынын чек арачылары менен кошо 36 жаран дүйнө салган. Бул күн Кыргызстан тарыхындагы «Аксы окуясы», » Ош окуясы», 1999 жылдардагы «Баткен окуясы» сыяктуу,тарыхта дагы бир жолу»Баткенди Тажикстандын басышы» аталышында кара тамга менен жазылып, » Трагедиялуу датага» айланып, жыл сайын Эскерүү күнгө айланды. Бирок, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы Чек ара маселесиндеги чыр 36 адамдын өмүрүн алган менен дагы деле токтобой, абал оор бойдон калууда. Тажикстандын жарандары күнү бүгүнгө чейин чек ара аймагында жашаган калкка кырын көрсөтүп, жергиликтүү тургундар менен пикир келишпестиктен улам, эки жаат бир бирине кол көтөрүп гана тим болбостон, «барымтага алууга» чейин барышууда. «Барымтага алууну» айрыкча Тажикстан тарап көп колдонууда.Тажикстандын мындай чагымчыл аракеттерин Кыргыз бийлигине Баткендин чек ара аймагындагы жергиликтүү тургундары тынбай Видео Кайрылуу аркылуу кулак кагыш кылып, тынбай маалымат жеткиришүүдө. Албетте, биринчи кезекте жергиликтүүлөр өздөрүнүн коопсуздугун ойлоп, экинчиси Кыргызстандын 1 метр жери үчүн тикесинен тик туруп, коргоп жатышат. Ошондуктан чек ара канчалык кооптуу болгонуна карабай, 36 жарандын эли жер үчүн курман болгон арбактарын сыйлап күрөштү улантышууда. Бирок… буга Бийликтин реакциясы кандай деген суроо туулат. Чын эле Мамлекет тарабынан кандайдыр бир чара көрүлүп жатабы? Соц тармакта желдей тараган маалыматтарга караганда көңүлгө толбогон жөн салды тыйууга окшогон көрүнүш Тажикстан менен сүйлөшүүлөр эч кандай маселе чечпей жатат. Эгер, сүйлөшүүлөр кандайдыр бир жыйынтык бергенде Тажиктер 60тан ашкан аксакалды барымтага албайт болчу. Бул биздин Бийликтин аракетинен майнап чыкпай жатат деген сөз. Ошондуктан Баткенге Күч түзүмдөрүн күчөтүп, Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Турциядан алынган «Байрактар» Элдин коопсуздугу үчүн Баткендеги Военный Частка которулушу керек.

Автор Кожомбердиева Турдайым.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс