• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

ЖАПАРОВ МЕНЕН БАЙСАЛОВДУН БИЗНЕСТИ КОРКУТУУСУНУН СЫРЫ…

Автор:ruh_admin

Дек 17, 2021

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен вице-премьер-министр Эдил Байсалов республика ишкерлерин коркутуп-үркүтүүгө өтүп алышты. Булардын минтип демитип, күпүлдөп жатышынын себеби бирөө эле. Ал Садыр жана Акылбек Жапаровдордун бюджеттин кирешесин 400 млрд. сом, 500 млрд. сом, 600 млрд. сомго жеткиребиз деп бири-бирин ишендирип алганында.

Бул көрсөткүчтөргө алар экономиканы, бизнести өстүрүү менен эмес, кысымга алуу, “сыгып тамчылатуу” менен жетишебиз деп күпүлдөп-дүпүлдөп жатышат.
Эдил Байсалов жергиликтүү ишкерликти “доморощенный же эч нерсеге жарамсыз, байкуш” деп атап, асмандан түшкөндөй эдиреңдейт. “Жарамсыз, байкуш” жергиликтүү ишкерлик “адилеттүү башкаруу” көрбөптүр, эми мына ушулар (Жапаров, Байсалов) көрсөтөт экен. Алар көрсөткөндө бизнеске “өтө катуу тийет” (“очень больно будет” дейт) экен.
Акылбек Жапаров да “салыкты сыдырыта тегиз жыйынайбыз. Сөзсүз катуу тийет (бизнеске). Ачуу, катуу дары беребиз. Керек болсо хирургияга барабыз же кесип салабыз” дейт. Акылбек Жапаров салык төлөбөө инвестициянын келбей жатышынын башкы себеби дейт. Бирок бул сөзү 2026-жылга чейинки Улуттук программа деп аталган өкмөттүн сайтында турган программада айтылган жобого карама-каршы келет.
Ал программада “бизнестин, демек инвестициянын башкы проблемасы Сот системасынын жарамсыздыгы” деп туура аталган. Кыргызстанда сот системасынын президенттен, бийлик чөйрөсүнөн көз карандылыгы экономика, бизнес, инвестицияга эле эмес, саясий системанын (кандай болбосун — президенттик, парламенттик, аралаш бийлик системалары) ашмалтайы чыгышына, коомдун деградация болушуна негизги себепкерлерден болуп келатат…
Жапаров жана Байсаловдун күпүлдөп-дүпүлдөөсүнөн кийин салыкчылар беш-ондоп көчөгө чыгып, дүкөнчө болобу, самсыкана болобу, навайкана болобу текшерүүгө киришкен. Алардын бул аракетинен кандай натыйжа болорун айтуу кыйын.
2020-жылы республикадан инвестициянын чыгып кетүүсү дээрлик 1 млрд. доллар болгон экен. Бул ошол эле өкмөттүн программасында көрсөтүлгөн сан.
Жапаров, Байсалов чабуулунан канча жаран чакан жана орто ишкерлигин токтотуп же сыртка которуп, Россияга мигрант болуп кетет?
Муну да айтуу кыйын.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс