• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

“СУЛАЙМАН-ТОО” УЛУТТУК ТАРЫХЫЙ-АРХЕОЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙИНДЕ АКЫБАЛ ЧАТАК

Автор:ruh_admin

Дек 17, 2021

ОШ. Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасына ылайык  атайын комиссия түзүлүп, анын жардамы аркасында “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин азыркы таптагы ишмердүүлүгү дыкаат текшерилди.

         Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов жетектеген атайын комиссиянын текшерүү маалында “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинде жана Алымбек-Датка музейинде жарандарды жана дагы конокторду кабыл алууга таптакыр шарт түзүлбөгөндүгү, музей комплексине караштуу имараттарда жылуулук системасы эч иштебегендиги, мындан тышкары тазалык маселеси дагы жолго коюлбагандыгы аныкталды.

Белгилей кетчү жагдай: жогорудагы атайын комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен аныктама жазылып, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнө жана дагы тиешелүү министрликке тапшырылат. Калган чечимди эми ошолор гана кабыл алышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс