• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

ЖАЛАЛ-АБАДДА ТУРАК ЖАЙЛАРДЫ МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ИШИ КҮЧӨТҮЛӨТ

Автор:ruh_admin

Дек 16, 2021

 ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад обулусунда турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу иши мындан ары абдан күчөтүлөт. Аймактагы бул өңүттөгү иштердин жүрүшү онлайн жыйында ачык-айкын талкууланып, жараянда артта калышкан район-шаарлардын жетекчилерине дагы эң акыркы эскертүү берилди.

Аталган жыйында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов өз сөзүндө аймактарда элге түшүндүрүү иштери абдан солгун жүрүп жаткандыгын катуу сындады. Ушул тапта турак жайларды каттоо жагынан Тогуз-Торо району, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарлары көч артында калышты. Ал эми жумуштун аткарылышы жагынан Чаткал районунун пайыздык көрсөткүчтөрү абдан жогору экендиги баса белгиленди. Ошондуктан, Жалал-Абад облусунуну башчысынын орун басары Мамасалы Акматов турак жайды өрттөн жана башка табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамды турмушка ашыруу ушул тапта өтө зарылдыгын, бул аракеттер калкка коопсуздук жана алдын алуу чаралары экенин түшүндүрүүнү колго алуу талабын катуу койду.

Баса, турак жайлар үчүн жыл сайын айыл жергесинде 600 сом, ал эми шаарда 1200 сомдон камсыздандыруу компанияларына төлөнөт. Жалал-Абад облусунда жалпы 191 миңден ашуун турак жай камсыздандыруудан өтүүсү абзел! Ушул тапта булардын 9 миңден ашууну гана араң камсыздандырылды.

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс