• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

ОШТО АЙЫЛ ЧАРБА БАГЫТЫНДАГЫ ЖЕРЛЕРДИ МЫЙЗАМСЫЗ САТУУГА ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Дек 15, 2021

ОШ. Ош облусунун Кара-Суу районунда айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелип бир жаран кармалды. Бул жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКдан маалымдашкандай, кармалган И.Г. аттуу жаран ушул жылдын 10-декабрында тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары аталган фактыга тиешеси бар башка адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада миңден ашуун жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн жаңы бланкалары, паспорттордун көчүрмөлөрү, ар бир мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылган.

Баса, мурда аталган факты боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Х., анын шериги М.С., ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилери Б.Б. жана Ш.С. кармалышкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс