• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

ОШТО ӨЗ КЫЗЫН ЗОРДУКТООГО ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН ЭКИ АЙГА КАМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Дек 15, 2021

ОШ. Кыргызстанджын Түштүк башкалаасында өзүнүн 14 жаштагы кызын зордуктоого шектелген 39 жаштагы жаран эки айга камалды. Милициянын маалыматына караганда, аталган жаран эки жылдан бери кызын зордуктап келген деп шектелүүдө. Кыз ушул тапта өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун, социалдык коргоо кызматкерлеринин камкордугуна алынды.

  • Кыздын көрсөтмөсүнө караганда, апасы Орусияга кеткенде атасы аны

2019-жылы алгач зордуктаган экен. Акыркы ирет ушул жылы 28-ноябрда зордуктагандыгын ыйлап, айтып берди. Ал эми шектүү “Мас болчумун” деп кылмыш жоопкерчилигинен качууга аракеттенүүдө. Анын бир тууган эжеси кылмыш жасап жаткан учурда көрүп, “Ата, эмне кылып жатасыз, уят эмеспи?” десе, “Кызым кечирип кой, мас үчүн апаң деп ойлопмун” деп көрсөтмө берген, — деди Ош ШИИБсынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

         Эми бул окуяга чекитти сот органдары коёт. Ушул тапта шектүү камалып, сотко чейинки өндүрүш иши  ачылган. Адистер акыркы жылдары өспүрүмдөргө карата мындай үрөй учурган зордук-зомбулук күч алгандыгын, аны менен күрөшүү үчүн комплекстүү иш-чаралар зарылдыгын айтышууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс