• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ОшМПУ МЕНЕН БУРАНА КОЛЛЕДЖИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫН БИРГЕЛИКТЕ ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ

Автор:ruh_admin

Дек 15, 2021

ОШ. Ош мамлекеттик педагогикалык университети Online Universiti жана Burana Steam College менен жаңы келишимдерди түздү. ОшМПУнун ректору, профессор Бекмурза Зулуев жана Burana Steam колледжинин директору, PhD доктор Элира Турдубаева менен жолугушуп, мындан ары бирге кызматташууну жолго коюну өз ара макулдашышты.

Жолугушуу маалында эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасы менен январь айында магистрлер, аспиранттар жана окутуучулар үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү пландалды. Мында окутуунун жаңы технологиялары, кызыктуу сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары, онлайн симуляциондук лабораториялар жана кыргыз тили А, В, С деңгээлдери окутулат. Муну менен биргеликте илимий иш (диссертация) жазуу ыкмалары дагы тереңделип үйрөтүлөт. Кыргыз адабиятында сынчыл ой жүгүртүү, Манас таануу сабагын интерактивдүү усулдарды колдонуу менен заманбап өтүү жолдору бекем сунушталат.

         Ошентип, ОшМПУ жана Burana Steam колледжинин биргеликте өз ара активдүү кызматташуусунун аркасында Кыргызстандагы алыскы аймактарындагы мектеп мугалимдеринин билимдерин өркүндөтүү иштери дагы такай жүргүзүлүп, заманбап билим берүү ыкмалары туруктуу жолго коюлат. Ошондой эле аталган колледж аркылуу атайын долбоордун негизинде окуу жайдын табигый билим берүү багыты боюнча химия, биология, география адистиктери үчүн лабораториялык каражаттарды алуу пландалды. Online university мугалимдер үчүн “Илимий изилдөө усулдары” жана “Онлайн окутуу технологиялары, ресурстары жана платформалары” жаңы усулдук колдонмо китептерин кыргыз тилинде чыгарышты. Окутуучулар үчүн дагы бир канча кыргызча китептерди басып чыгарып беришмекчи.

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс