• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ МЫЙЗАМСЫЗ ТАШЫЛЫП БАРАТКАН КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫ КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Дек 15, 2021

БАТКЕН. УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматына караштуу Айдаркен чек ара отрядынын өкүлдөрү чек ара аркылуу мыйзамсыз ташылып бараткан курулуш материалдарын акыры колго түшүрүштү.

         УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кыргыз чек арачылары Баткен облусундагы Кадамжай районунун Бүргөндү кыштагынын түштүк тарабындагы Чоң-Кара анклавынан 1973-жылы туулган Кыргыз жараны  М. М. Өзбекстандан Кыргызстанга карай айдап бараткан шектүү DAF оор жүк ташуучу автоунааны токтотуп, андан соң дыкаат текшеришкенде, мунун ичинен 25 тонна алебастр (курулуш гипси) табылды. Аталган шоопур бул жүктү Кыргызстандан түз эле коңшу өлкөгө легалсыз ташып бараткандыгы биротоло тастыкталды. Анткени, колунда эч кандай уруксат кагаздары болгон эмес!

         Тиешелүү документтер дыкаат толтурулгандан кийин айдоочу М. М. жүктөрү менен кошо компетенттүү органдарга мындан ары териштирүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс