• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯНЫН ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ АКТИВДЕШТИ

Автор:ruh_admin

Дек 15, 2021

БАТКЕН. Баткен районундагы Кара-Булак жана Бужум айылдарынын тургандары менен милиция кызматкерлери бетме-бет жолугушту. Кездешүүгө катышышкан Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Нуралдин Акмурзаев, Баткен РИИБсынын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги Жолдубай Саткынов, Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова элет элинин муң-зарын жана көйгөйүн абдан дыкаат тыңдашты.

         Жыйналгандарга адегенде милициянын аймактык тескөөчүлөрү айыл ичиндеги коомдук коопсуздук жана жыл ичинде аткарган иштери туурасында кенен-чонон маалымат беришти. Ушундан соң жергиликтүү тургундар дагы өз көйгөйлөрүн ортого салышты. Алар негизинен Бужум айылындагы жаңы конушка электр энергиясын өткөрүү үчүн электр мамычаларын орнотууну, кыш түшкөндүгүнө байланыштуу Баткен шаарына барып билим алып жатышкан мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн кичи автобустардын иштөө убактысын узартууну, ушул эле жылдын октябрь айынын ортолорунда киши колдуу болуп каза тапкан Жигитали Темирбаевге байланышкан кылмыш ишинин адилеттүү, мыйзам чегинде тергелишин талап кылышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс