• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

АЛА-БУКАДА КҮН САЙЫН 100 ТОННА СҮТТҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ИШКАНА АЧЫЛАТ

Автор:ruh_admin

Дек 15, 2021

 

         ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күн сайын 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилет. Ушул тапта жергиликтүү тургундарга сүт өндүрүү жана белгиленген эрежелерге ылайык өткөрүү боюнча атайын окуутуулар дагы жүргүзүлүп жаткан чагы.

         Президенттин Жалал-Абад облусундагы Өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, буга дейре чет өлкөлүк инвестор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ишкана райондогу эски сүт заводунун имаратында жайгашып, бардык керектүү жабдыктар менен камсыз этилди. Жакын арада бул имаратты оңдоп-түзөө иштери аяктаса, жумуштар дароо башталат.

         Ошентип, Ала-Бука районундагы  жаңы ишкана тургундардын да маалыматын жогорулатуу, сүт багытындагы уйларды өстүрүүнү көбөйтүү максатында атайын семинар уюштуруп, ал эми алдыңкы фермерлердин тажрыйбалары дыкаат окутулуп, үйрөнүлүүдө.

         Аталган ишкананын ачылышы менен атайын техникаларда ар бир айылды кыдырып сүт жыйналат. Жергиликтүү бийлик бул менен калктын кошумча киреше бөлүгүн арттыруу максатын дагы көздөп жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс