• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

АКШ Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын кошумча 49 миң дозасын тапшырды

Автор:ruh_admin

Дек 15, 2021

БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргыз Республикасына COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын тапшырды. Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшкө көмөк төшүп жатат.

  • Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын элге жеткиликтүү болушу бул

пандемияны жеңүү үчүн абдан маанилүү. Мен бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана коркунучтуу жаңы варианттардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем, — деди АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Баса, бул АКШ тарабынан Кыргыз Республикасына берилген Pfizer вакциналарынын экинчи жолу жеткирилиши. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келип түшкөн.

  • Кыргызстанга 49 миң доза өлчөмүндөгү Pfizer-Biontech вакцинасынын

кезектеги партиясы тийди. Мен АКШны Өкмөтүнө жана COVID-19 менен күрөшүүдө бизге үзгүлтүскүз жардам берип жатышкан бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылышымды билдиремин! Pfizer-Biontech вакциналары кыргызстандыктарга октябрь айынын аягында жеткиликтүү болуп, 30 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Биз баарыбыз эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн жана эмдөө алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири экенин түшүнүшүбүз керек. Биз биргелешкен күч-аракет менен гана коронавирустук пандемияга туруштук бере аларыбызга терең ишенем! — деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошентип, пандемия башталгандан бери  АКШ Кыргыз Республикасында COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берди. Мындан тышкары мынча каражат жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга дагы багытталды.

Айтмакчы, АКШ COVID-19 пандемиясын токтотуу, мунун терс социалдык жана экономикалык кесепеттерин жумшартуу жана келечектеги эпидемияларга туруштук берүүгө даярдыгын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүгүн мындан ары дагы ырааттуу түрдө улантат.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс