• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Акаевдин келиши боюнча…

Автор:ruh_admin

Дек 14, 2021

Аскар Акаев Кыргызстанга каалаган учурда келип, кетип калды. Коррупциянын тамыр жайышына, СССРден калган завод-фабрика, инфраструктуранын талкаланышына, Кумтөр баш болгон алтын кендердин улуттук кызыкчылыкка чыккынчылык менен сатылышына, өз элине ок атылышына негиз салган адамдын мындай тайраңдап жүрүүсү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда.

Акаевдин келиши бир гана учурда маани-маңызга ээ болушу мүмкүн. Ал Кумтөр алтын кенин сатууда алган параларын банк эсептерине чейин далилдеп, Кыргызстандын эл аралык арбитражда жеңишине салым кошсо, анда түшүнсө болот. Жоок, андай болбой, «Кумтөр маселесинде өкмөттөрдөн кемчилик кетип калыптыр деген анткор» сөзүн уланта берсе, анда Акаевдин келиши коомго бүлүк салгандан, карама-каршылыкты күчөткөндөн башка пайдасы жок.
Акаев келсе, Курманбек Бакиев неге келбейт деген маселе көтөрүлөт. Бирок коомдун бир бөлүгүндө ага каршы антипатия күчтүү. Акаевдин келишине каршы чыккан коомдун бөлүгү болгондой эле.
Бирок да, акконит министр Бейшеналиев сыяктуу ойду-тоону «омкоруп» жаткан бийлик үчүн Акаевдин келишинин пайдалуу жагы бар. Коомчулук энергетикалык кризис, кымбатчылык, бюджет боюнча афералардан, шайлоодогу кымкууттан, Кумтөрдө эмне болуп жатат деген суроолордон алагды болуп, Акаевди көңүл буруп жатып калды.
Жапаровдор үчүн «балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат» дегендей көрүнүш же Кумтөр алтыны сатылбай жаткан учурда «Центерра» менен ортомчу болуу миссиясы менен келдиби?…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс