• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

Ошто соц. тармакта жалган маалымат тараткан айым кармалды

Автор:ruh_admin

Дек 11, 2021

ОШ. Ош облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды социалдык тармактарда такталбаган жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат. Анткени, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, акыркы кезде белгисиз жарандар тарабынан аудио үн менен коштолгон чындыкка дал келбеген маалыматтарды интернет тармактарында жана Whatsapp мессенджери аркылуу тайпаларга тарката баштаган.

         Аталган маалыматта “Кара-Сууда жаш балдарды уурдап, ички органдарын алып коюшуп жатышат” деген мазмундагы кабарлар камтылган. Ушунун негизинде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аудио үн аркылуу чындыкка дал келбеген, такталбаган маалыматты тараткан жарандын өздүгү аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан ички иштер бөлүмүнө алынып келинди. Ал Кара-Суу шаарынын тургуну 60 жаштагы Т.Э. аттуу жаран экендиги аныкталды.

Жогоруда белгиленгендей, бүгүнкү күндө аталган окуя боюнча милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар дагы көрүлүүдө. Жогорудагы жагдайларга байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы жарандардан жалган, такталбаган маалыматтарды таркатуудан карманып, этият болуусун дагыле суранат.

Кыскасы, Ош облустук ички иштер башкармалыгы мындай жалган маалымат тараткан адамдарды билген, же көргөн адам болсо тезинен укук коргоо органдарына кабар берүүгө жана алардын аракеттерине бөгөт коюуга көмөктөшүгө чакырат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс