• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

Лейлекте дүкөндөн кийим уурдаган аял колго түштү

Автор:ruh_admin

Дек 11, 2021

БАТКЕН. Лейлек районунун Исфана шаарындагы “Мадина” дүкөнүндө сатыкта турган базар баасы 3000 (үч миң сомдук) курткасын белгисиз бирөө уурдап кеткендиги боюнча дүкөндүн ээси арыз менен милицияга кайрылган. Ошентип, дүкөндөн кийим уурдаган деп шектелип 32 жаштагы аял изи суутпай кармалды.

         Аталган факты Лейлек РИИБнин КБРне уурулук беренеси менен катталып, Лейлек РИИБнин милициянын уполномоченныйлары Исфана шаарынын 32 жаштагы Э.З. аттуу (аял) тургунун аныктап кармашканда, анын  жанынан “Мадина” дүкөнүндөн жоголгон куртка табылган. Тергөө жараянын жүрүшүндө жогорудагы аял бул кылмыштан башка дагы эки дүкөндөн күндөлүк керектелүүчү буюмдарды уурдап жүргөндүгү тастыкталды.

         Ушул тапта уурдалган буюмдар өз ээлерине кайтарылып, буга улай тергөө иштери жүрүп жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс