• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

Кызыл-Кыяда аккумлятор уурдаган өспүрүмдөр кармалды

Автор:ruh_admin

Дек 11, 2021

 БАТКЕН. Аккумулятор уурдашты деген шектүүлөр акыры кармалышты. Бул жөнүндө Баткен облустук ИИБсынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

         Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы А.Б. аттуу тургуну милицияга үйүнүн жанында токтотуп койгон КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаасынан белгисиз бирөө 32000 (отуз эки миң) сомдук аккумляторун чечип кеткендигин билдирип, атайын арыз менен кайрылган. Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБнин КБРне Кылмыш Жаза Кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталды. Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, Кызыл-Кыя шаар аймагынан Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын 15 жаштагы М.Н. жана Чаувай айылынын 15 жаштагы А.Н. аттуу тургундары аныкталып кармалышты.

         Ошентип, алгачкы тергөө жараянынын жүрүшүндө бул кармалган жарандар жеңил акча табуу максатында Портер үлгүсүндөгү унаалардын аккумляторун уурдап, сатып жүрүшкөндүгү ырасталды. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс