• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ОшМПУ БАТКЕНДИН МЕКТЕПТЕРИ МЕНЕН  ИШТЕШЕТ

Автор:ruh_admin

Дек 10, 2021

БАТКЕН. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмү Баткен облусуна атайын сапарлады.

         Ошентип, ОшМПУнун мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмүнүн адистери Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Баткен шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, Баткен районундагы мектептердин директорлору менен бетме-бет жолугушуп, буга улай мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу менен мектеп окуучуларын ЖРТга даярдоо жаатында келишимдер дагы түзүлдү. Макулдашууга ылайык, мындан ары аталган аймактагы мугалимдерге ОшМПУнун окутуучулары тарабынан көчмө семинарлар жана чейрек аягындагы эс алуу маалында университеттин өзүндө мастер-класс, тренингдер байма-бай уюштурулат. Мындан тышкары бүтүрүүчү класстын окуучуларын ЖРТга даярдоо боюнча дагы бир топ биргелешкен пландар түзүлдү.

         Ошентип, бул жолку жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери ОшМПУ мектеп көйгөйүн  жакшы билип, чыныгы педагогдорду даярдаган жогорку окуу жай сыңары үзгүлтүксүз иш алып барууга кызыкдар экенин ачыкташты. Муну менен катар университеттин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү ушул убакытка дейре мугалимдер менен тыгыз иштешип, алардын билимин жогорулатууга салым кошуп келе жаткандыгы үчүн аталган бөлүмдүн жетекчиси Жыпаргүл Шербаеванын эмгеги баса белгиленип, бөлүмдүн дарегине  терең ыраазычылыктар дагы айтылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс