ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун аймагында акыркы бир аптанын аралыгында 3 миң 547 жол эрежесин бузуу фактысы айгинеленди. Бул жөнүндө Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Ошентип, мас абалында унаа башкарган 28 айдоочу кармалды. Ал эми 316 шоопур ылдамдыкты жогорулатып айдаган. 8 айдоочу автоунаасынын алдыңкы терезелерин караңгылатып башкарган. Тиешелүү документи жок рулга олтургандар — 35.
Соңунда ар кандай даражада жол эрежесин бузган 3 миң 195 айдоочуга протокол толтурулуп, 45 автоунаа айып короосуна токтотулду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.