• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДИКТЕР ЗОМБУЛУККА КАРШЫ

Автор:ruh_admin

Дек 9, 2021

  БАТКЕН. Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинде жогорку класстардын окуучуларынын арасында “Зордук-зомбулукка каршыбыз!” деген ураандын астында атайын семинар өткөрүлдү.

         Ошентип, жогорудагы семинарга Баткен ШИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ушул багытта тартылган, тарбиялык мааниси өтө терең, атайын даярдалган сапаттуу роликтерди мектеп окуучуларына көрсөтүштү. Ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга бөгөт коюу максатында жогоруда аты аталган мектепте милициянын жаш жардамчылары дагы түзүлүп, алар укук коргоо оаргандарынын кызматкерлерине жакындан жардам берип келатышат.

         Мындан тышкары Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучулары жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте окуучулардын арасында профилактикалык жолугушууларды, кызыктуу таймаштарды дагы үзгүлтүксүз өткөрүп келатышат. Милициянын билдирүүсүнө караганда, аталган мектепте жыл ичинде кылмыштуулук таптакыр катталган эмес!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс