• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

Сузак районунда бала бакча пайдаланууга берилди

Автор:ruh_admin

Дек 7, 2021

ОРТО АЗИЯ АЙЫЛЫНДА “АЙШООЛА”   БАЛА БАКЧАСЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

         ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы  Орто Азия айылында 90 орундуу бала бакча пайдаланууга тапшырылды. Көп жылдардан бери аягына таптакыр чыкпай келаткан бул курулушка  Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду ыктыярдуу каржылык колдоо көрсөттү.

         Ошентип, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу Айыл Өкмөтүнүн Орто Азия кыштагындагы “Айшоола” бала бакчасын аталган Айыл Өкмөтү 2015-жылы ишкерлердин салымы, жергиликтүү бюджеттин жана элдин күчү менен кура баштаган эле. Тилекке каршы, кийин каржылык таңкыстыктын кесепетинен курулуш негедир бүтпөй калган. Ошондуктан, Кызыл-Туу Айыл Өкмөтү Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна бала бакчаны аягына чыгаруу боюнча атайын долбоору аркылуу кайрылган. Аталган Фонд тарабынан бул демилге кубаттоого алынып, 3 миллион сомго жакын акча ажыратылган. Жалпы жонунан бул бала бакчаны бүткөрүүгө 10 миллион 900 миң сом акча сарпталды.

         Белгилей кетчү жагдай: аталган заманбап мектепке чейинки билим берүү мекемесинде ушул тапта 60 бала тарбияланып жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс