• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

Ошто айдоочулар медициналык кароодон өткөрүлүүдө

Автор:ruh_admin

Дек 7, 2021

ОШТО ЖҮРГҮНЧҮ ТАШЫГАН МАРШРУТТУК КАТТАМДАРДЫН АЙДООЧУЛАРЫ МЕДИЦИНАЛЫК КАРООДОН ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

         ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук каттамдардын айдоочулары милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүлүп жатат. Бул жөнүндө Ош шаардык Жол кайгуул милициясынан кабарлашты.

         Ошентип, Ош шаардык Жол кайгуул милииция кызматкерлери тарабынан айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери абдан активдүү жүргүзүлүп жаткан жагы. Анткени, акыркы убактарда өлүм менен коштолгон жол кырсыктарынын көпчүлүгү Ош-Бишкек, Ош-Жалал-Абад жана Ош-Исфана жолдорунда катталууда. Анткени, мында кырсыктар айдоочу уктап кеткендиктен, же ылдамдыкты чегинен ашырып айдагандыктан гана жасалууда.

Ошондуктан, активдүү жүргүзүлүп жаткан мындай иш-чаралардын негизги максаты — оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын алдын алып, такси кызматын көрсөтүп, жүргүнчү ташууда ар бир жарандын ден соолугу, өмүрү айдоочунун колунда экендигин эске салып, өлүм менен коштолгон жол унаа кырсыктарын таптакыр болтурбоо.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс