• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

Баткенде халал эт паркы ачылат

Автор:ruh_admin

Дек 7, 2021

БАТКЕНДЕ ХАЛАЛ ЭТ ПАРКЫН ЖАЙГАШТЫРУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ДЕМИЛГЕЛЕНДИ

         БАТКЕН. Баткенде Халал эт паркын жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрү кенен-чонон талкууланды жана демилгеленди. Бул жөнүндө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

         Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Маруф Тулаев жана Өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен Малайзия өлкөсүнөн келишкен заманбап эксперттерди кабыл алышты.  Жолугушуунун жүрүшүндө Малайзиянын эт халал паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоору туурасында баса айтылып, Баткен облусунда Халал эт паркын жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрү дагы абдан кызуу талкууланды. Ошондой эле Баткен жана Кадамжай райондорунун мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында иш алып баруу боюнча дагы кенен-чонон сөз жүрдү. Мунун башкы максаты — аталган аймакта Халал индустрия паркын түзүү, тактап айтканда мал чарбачылыгын өстүрүү менен мал жандыктарынын продукцияларын реализациялоо.

Белгилей кетээрибиз: 2019-жылдын 6-апрелинде Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү Банкынын жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууларга кол коюлган. Мунун  алкагында Малайзиялык өкүлдөр аймакта Халал эт паркын түзүү үчүн техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча иш-аракеттердин алгачкы камын көрүшүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс