• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга карата планы түзүлүүдө

Автор:ruh_admin

Дек 6, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки Башкы планы даярдалууда. Бул туурасында президенттин Жалал-Абад облусундагы Өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

         Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган тийиштүү жетекчилер, шаардык Кеңештин депутаты Наргиза Караева шаардын башкы планын даярдап жатышкан дасыккан адистер менен жолугушту. Анда шаардын Башкы планы боюнча бир топ маселелер жеринде ачык-айкын талкууланды. Калаанын Баш планын даярдап жатышкан адистердин маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарынын аянты жанаша жайгашкан Айыл Өкмөттөрүнүн (Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак, Ырыс) эсебинен 4452 гектардан 7751 гектарга дейре кеңейтилет. Ошондой эле дарядалып жаткан Баш планга ылайык калаада көп кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратып келген аэропорт дагы жок болот. Тактап айтканда, Жалал-Абад аба майданы Сузак районунун аймагына көчүрүлөт. Мындан тышкары өндүрүштүк аймак жана турак жай курууга багытталган аймактар так аныкталат.

Белгилей кетээрибиз: Жалал-Абад шаарынын Башкы планын даярдоого республикалык бюджеттен 5 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 2,4 миллион сом жумшалууда. Ал толук бойдон 2023-жылы дапдаяр болот.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс