• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Лейлекте Тажикстандан ташылып келаткан аткезчилик жүктөр кармалды

Автор:ruh_admin

Дек 6, 2021

БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын УКМКсына карашту Мамлекеттик чек ара кызматынын Лейлектеги чек арачылары Баткен жерегесине коңшулаш Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып келаткан 470 кило мандаринди жана 500 кило жүзүмдү кармашты.  

         Ошентип, Лейлек районуна караштуу Интернационал кыштагын  көзөмөлдөп жүрүшкөн Кыргыз Республикасынын УКМКсына карашту Мамлекеттик чек ара кызматынын Лейлектеги чек ара наряды  1995-жылы туулган Кыргыз жараны А. Ш. айдап бараткан күмөндүү Opel Zafira автоунаасын токтотуп текшеришкенде, анын салонунан Тажикстанга ташылып бараткан 470 кило мандаринди табышты. Ушуга улай Лейлек районуна караштуу Беш-Кент кыштагында Кыргыз Чек арачылары 1988өтуулган Кыргыз жараны Б. О. Башкарып бараткан Nissan автоунаасын токтотуп текшеришкенде, анын салонунан дагы Тажикстанга ташылып бараткан  500 кило жүзүмдү табышты.

         Эки айдоочу тең жер-жемиштерди эч кандай документсиз жана легалсыз Тажикстандан Кыргызстанга ташып баратышкан. Тиешелүү протоколдор толтуралгандан кийин айдоочулар жүктөрү менен кошо жергиликтүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.  Мындан аркы тергөөнү эми ошолор мыйзам чегинде жүргүзүшмөкчү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс