• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Баткенде майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыяланды

Автор:ruh_admin

Дек 6, 2021

БАТКЕН. Баткен облусунда майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгы абдан кызуу жүрүп жатат. Бул жөнүндө президенттин Баткен облусундагы Өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

         Расмий маалыматка караганда, бир айлык ушул жылдын 15-ноябрында башталган. Эми 15-декабрга дейре улантылат. Бул иш-чара 3-декабрь — Майыптардын эл аралык күнүнө арналып өткөрүлүүдө. Аталган бир айлыктын алкагында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары А. Мурзаева облус аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан кабар алып, а түгүл материалдык жардам дагы көрсөттү. Жалпысынан материалдык колдоо облус аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыптандыруу борборлоруна, мектеп интернаттарына, жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемелерине дагы үзгүлтүксүз көрсөтүлдү.

         Баса, ушал тапта Баткен облусунда 20 миң 796 майыптыгы бар жарандар бар. Булардын арасынан 18 жашка чейинкилер 2798, жалпы ооруунун майыптары — 1041, бала чагынан майыптар 2 886, социалдык фонддо каттоодо турган майыптар14 миң 71.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс