• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ТАЖИКСТАНДЫК ЧЕК АРАЧЫЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫКТЫ МЕКЕНИНЕ КАЙТАРЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Дек 4, 2021

БАТКЕН. Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалган Кыргыз жараны акыры Мекенине кайтарылды. Бул жөнүндө Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Айтмакчы, үстүбүздөгү жылдын, 1-декабрында саат 14:00дөр чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинин 65 жаштагы Ж.Айдаров тургунунун бир баш бодо малы өзүнүн короосунан бошонуп, Тажикстандын Исфара районунун Майский айылы тарапка качып кеткен. Айдаров малды издеп барган маалода Тажик чек арачылары тарабынан кармалып, Исфара райондук милициясына өткөрүлгөн. Дал ошол маалда Баткен районунун Көк-Таш айылынын 40-50гө жакын жергиликтүү тургундары чогулушуп, Ж.Айдаровду Тажикстандын жарандары

уургандыгын ачыкташкан. Чогулгандар Тажикстандын Майский айылынын 1962-жылы туулган Камал Сабиров тургунун кармап алышкан. Андан соң буларга каршылык иретинде Тажикстандын Майский айылынын он-он бешке чукул тургуну чогулган. Эки тараптан тең жергиликтүү милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Тажикстандын укук коргоо органдары кармалган Ж.Айдаровду Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ушул тапта Ж.Айдаров Баткен шаарындагы ооруканасына жеткирилди. Бирок, абалы орто оор экендиги айтылууда. Аталган факты Баткен райондук милициясы тарабынан маалыматтардын электрондук журналына катталып, жабырлануучу Ж.Айдаровтун денесинен алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ошентип,эки тараптуу сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп, ушул тапта абал турукташты. Окуя болгон жерде коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайгуулдар уюшулду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс