• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

ОШТУК СПОРТЧУЛАР КҮН САЙЫН 109 СОМГО ҮЧ МААЛ ТАМАКТАНЫШАТ

Автор:ruh_admin

Дек 4, 2021

ОШ. Ар кайсыл даражадагы мелдештерге катышкан Кыргызстандын спортчуларына тамак-ашы үчүн күн сайын 109 сом гана бөлүнөт. Ал эми булардын машыктыруучуларына 83 сом эле ажыратылат.

— Албетте, мынча каражатка курсак тоймок түгүл, эптеп шам-шум

эткенге эле араң жарайт, — деп тызылдады Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине караштуу №2-спорт мектебинин директору Гүлнара Мурзакаримова. – Мунун кесепетинен Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы өспүрүмдөр түрдүү мелдештерге дээрлик катышпай эле калышты.

“Какаганга — муштаган” дегендей, Кыргызстандын Түштүк аймактарындагы Спорт комитеттеринде кышкы спорт оюндарынын түрлөрү боюнча секциялар дээрлик жок. Бирок, буга кызыккандар абдан арбын. Заман талабына жараша Ош шаарында эмдигиче бул өңүттө эмдигиче база түзүлө элек…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс