ОШ. Ош облусунун бардык райондорунда пневмония дарты ыраса күчөгөндүктөн, а түгүл ооруканаларда дагы койкалар жетишпей мукуратууда.Бул жөнүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов ачыктады.
— Аталган олуттуу көйгөйдүн кесепетинен жарандар менен
дарыгерлердин арасында пикир келишпөөчүлүктөр абдан арбыды, — деп кашкайган чындыкты моюндады Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов. – Ош облустук балдар ооруканасында эле аталган датка чалдыгышкан 330 бала дагыле жатат. Бул көрсөткүч жаш балдардын дээрлик 70-75 пайызы пневмония илдетине чалдыкты дегенди ачык туюндурат. Мунун айынан калк арасында доктурларга карата түшүнбөстүк ого бетер күчөдү. А ооруканалар сыркоолорду кабыл алуу планын мурункудан дагы ашырып ийишти. Койкалар жетишпегендиктен, жарандар ак халатчандарды жөнсүз каралашып, а түгүл биздин үстүбүздөн укук коргоо органдарына кайрылышып, курулай жалаа жаап деле жатышат.
Баса, дасыккан дарыгер Шаятбек Абдурахманов көпчүлүк ата-энелер сыркоологон балдарын адегенде үй шартында өздөрүнчө эле дарылашып, акырында алардын салдаматчылыгы өтө оорлошкондо гана доктурларга аргасыздан кайрылышып жатышкандыгын кошумчалады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.