Вторник , 25-Январь 2022
Башкы бет / Жаңылыктар / IT АДИСТЕРИНЕ СУРОО-ТАЛАП КҮЧӨДҮ

IT АДИСТЕРИНЕ СУРОО-ТАЛАП КҮЧӨДҮ

ОШ. Дал ушул тапта ар түркүн Программалардын күтүүсүздөн ишке кириши Адамзаттын ар тараптуу түйшүгүн абдан эле жеңилдетти. Ошого жараша IT технологияга муктаждык дагы ого бетер жогорулады.

— Жогорудагыда й заман талаптарын дароо эске бекем түйүп, 2017-жылы эле Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) алдында IT Академиясы ачылган, — деди ОшМУнун алдындагы IT Академиясынын жетекчиси Айтибек Абдирасулов. – Ушул кезде техника иши, веб технология жана системалык администратор курстарын сегиз ай аралыгында эле үйрөтөбүз. Орточо эсптегенде жыл сайын 25-50 угуучуну бүтүрүп жатабыз. Биздин курсту эң ийгиликтүү аяктагандардын басымдуулугу чет өлкөлөрдө өтө игйиликтүү эмгектенип жатышат.

Баса, ОшМУнун алдындагы IT Академиясына көбүнэсе Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жаш тургандары тапшырып жатышат. Дал ушунун өзү Кыргызстандын эң алыскы аймактарында санариптештирүү долбоорунун ийгилктүү жүзөгө ашырылышына гана өбөлгө жаратууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс