• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери чек ара жаңжалын талкуулашты

Автор:ruh_admin

Дек 4, 2021

БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы Өкүлү Абдыкарим Алимбаев “Кулунду” чек ара өткөрмө бекетинде Тажикстандын Согдий облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода менен жолугушуп, тараптар Кыргыз-Тажик чек арасындагы соңку окуяларды абдан кызуу талкуулашты.

Кыргызстандын Чек ара кызматы ушул жылдын 1-декабрында Баткен облусунун Баткен районунун Дахма аймагында ок атылгандыгын ачыктаган. Анткени, шаршембиде кечки саат 9дан өткөндө Мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан. Окуя болгон жерге эки өлкөнүн чек ара бекеттеринин жетекчилери дароо жетип келишип, мылтык аткандарды чогуу издөө тууралуу өз ара сүйлөшүшкөн. Күч органдарына дагы дароо кабар берилген. Ошондой эле тараптар аталган аймакта мындан ары биргелешкен кайгуул-күзөт уюштурууну дагы катуу макулдашышкан.

Ушул тапта Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунун кошуна өлкөнүн жарандары сабап коюп, ооруканага түшкөндүгү, кыргызстандыктар дагы бир Тажик жаранын кармап алышып, кийин араң бошотушкандыгы кабарланууда. Ошентип, Кыргыз-Тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, анан дагы аскерлер көз жумушкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс