• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

Апрель окуясынан кийин Баткен облусуна көчүп келген этникалык кыргыздар көбөйдү

Автор:ruh_admin

Дек 4, 2021

БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкерим Алимбаев бул туурасында Тажикстандын Согдий облусунун жетекчиси менен жолукканда шардана кылды.

— Быйылкы апрелдеги окуядан кийин Баткен облусуна көчүп

келишкен этникалык кыргыздардын саны абдан көбөйдү. Көпчүлүгү Тажикстандын Согдий облусунан ооп келишти. Булар бизге Тажикстанда калгандар сурак беришип, кошумча кысымчылыкка, анан дагы тынымсыз текшерүүгө кабылгандыгын айтышууда. Бул боюнча биз дагы Согдий облусунун жетекчиси менен жолугушуу өткөргөнбүз. Маселени ачык айтып, абалды дароо жөнгө салуу жаатында Тажикстандын тиешелүү кызматтарына дагы билдиргенбиз. Атайын жолугушууда дагы бул маселе аык-айкын талкууланган, — деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкерим Алимбаев.

Ал эми расмий маалыматтарга караганда, Баткен облусуна Тажикстандан көчүп келишкен этникалык кыргыздардын жалпы саны 800дөн ашуун. Булардын 452си жарандык алуу үчүн Кыргыз президентине арыз менен кайрылышкан. Дагы 38и Кыргызстандын жарандыгын алышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс