• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

2022-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ИНДИЯНЫН ОРТОСУНДА КАЙЧЫЛАШ МАДАНИЯТ ЖЫЛЫН ӨТКӨРҮҮ ПЛАНДАЛУУДА

Автор:ruh_admin

Дек 4, 2021

НЬЮ-ДЕЛИ. Иниянын Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асейин Исаев Индиянын Маданият министринин орун басары Парта Сарти Сен Шарма менен жолугушту.

Жолугушуу маалында Кыргы Элчиси Асейин Исаев Кыргызстан менен Индияны адамзаттык байланыштарды өнүктүрүүнүн, эки өлкөнүн элдеринин жакындашынын ажырагыс бөлүгү болуп калган көп кылымдык тарых жана маданият байланыштырып тургандигин баса белгиледи. Элчи ошондолй эле дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен эки өлкөнүн ортосундагы Маданият жылын өткөрүү 2022-жылга жылдырылгандыгын дагы кошумчалады.Ушуга байланыштуу келерки жылы эки өлкөдө биргелешкен маданий иш-чараларды уюштуруу маселеси боюнча тыгыз иштешүүнү сунуш этти.

Мындан тышкары эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн маданий байланыштарды мындан ары дагы кеңейтүү максатында, Кыргыз Элчиси Асейин Исаев музыка, бий, кино, көргөзмөлөр, семинарлар, археология, музей иштери жана башка тармактарда байланыштарды бекемдөөгө багытталган Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы Маданий алмашуу программасына кол коюуну сунуш этти.

Индия тарап кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын биргелешип аныктоого жана аларды мындан ары дагы алга жылдырууга даяр экендигин ачыктады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы достук байланыштарды өнүктүрүүгө өз ара каалоолорун билдиришти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс